Коом
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон салымдары үчүн, кызматына жоопкерчиликтүү жана абийирдүү мамиле жасап, кызматында өзгөчөлөнгөн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун бир топ кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин жана полктун командирин буйругу менен медалдар жана ардак грамоталар сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлери эгемен элибиздин тынчтыкта жана коопсуздукта жашоосу үчүн алдыга жүктөлгөн тапшырмалырды жоопкерчиликтүү чечкиндүү, эрктүү аткарууга дайым даяр.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы



