Окуялар
Каналдын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында Кичи Чүй каналынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
102 кызматына келип түшкөн маалымат боюнча, окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары, болжол менен 60-65 жаш курактагы азият улутундагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарган. Аны ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өздүк маалыматтары такталууда.



