Путиндин иш башкармалыгынын автомобилине ок атылды

1-сентябрда Россиянын президентинин иш башкармалыгынын машинасына ок атылды, деп билдирди Рolitfox.
Россиянын борборунда РФнын Президентинин иш башкармалыгына тийиштүү автомобилге ок атылганы массалык маалымдоочу каражаттарга белгилүү болду.
Бир аз өткөндөн кийин соцжеледе бул окуя тууралуу видеомаалыматты Life Shot Telegram-каналы жарыялады.
Бул окуя Краснопрудная көчөсүндө болгонун журналисттер да такташты. Автону иш башкармалыгынын айдоочусу Юрий Артанов айдап жүргөн. Ал аялы менен баласын алып кетүү үчүн келген. Аялы менен баласын күтүп, машинасын токтотуп коюп, сыртка чыккан.
Ок атылганда Артанов тамеки чегип турган. Ал дароо машинага кирип, от алдырган, бирок жөнөп кетүүгө үлгүргөн эмес.
Массалык маалымдоочу каражаттар ок машинанын арткы айнегин тешип өткөнүн такташты. Роликте көрүнүп тургандай айнек сынып кеткен. Тилекке жараша Артанов кырсыктаган эмес.
Тартип сакчылары ок атканга шектелген адамды такташып, дароо эле кармашкан. Ушул тапта полиция, аны ок атууга мажубур кылган мотивдерин тактап жатат. Ок, окуя болгон жердеги үйлөрдүн биринин терезесинен атылган.
Кармалган адамдын аты жана ок чыгарылган куралдын тиби айтылган жок. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Елена Крылова ок тийген авто аларга тиешелүү эместигин, бирок Артанов ал жердин кызматкери экенин бышыктаган.
Тергөөчүлөр ок атуунун себеби жеке мотивге байланыштуу деген версияга ык коюп турушат.
Төргөө улантылууда.



