Коом

Кыргызстанда күз-кыш айларында грипп жана респиратордук оорулар күчөшү мүмкүн

Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда. Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген.

“Ал эми, күз-кыш айларында грипп жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Муну менен бирге, ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз”, – дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button