Дүйнө

Лукашенконун жиндилиги күчөп баратат, дейт эксперт

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко реалдуу жашоодон таптакыр кол үздү. Буга анын кечээ жакында эле айткандары жана жасагандары күбө. Муну Дни.ру жазып чыкты.   

Политтехнолог Станислав Белковский акыркы жуманын ичинде Александр Лукашенко бир нече жолу коомчулуктун кыжырын катуу келтиргенине көңүлүн бурган. Иш таштоо жарыялаган ишканаларды жаап салам, деп президенттин коркутканы өлкө жарандарынын жинин ого бетер кайнатты.

Ошондой эле Нобель сыйылыгынын лауреаты Светлана Алексиевичти суракка алганы да көпчүлүктүн ачуусун катуу келтирди. Белоруссиялык жазуучу оппозициянын Координациялык кеңешинин иши боюнча күбө катары өткөн. Нобель сыйлыгынын ээси көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Мурунку жумада Лукашенко, Литванын порттору  аркылуу Россия менен Кытайга кетчү Белоруссиянын азык-түлүктөрүн токтотуу тууралуу жарыя кылган. Эксперттин пикири боюнча, мындай иш-чара, биринчи кезекте Белоруссиянын  өзүнө зыян алып келээрин, жада калса мектеп окуучусу да эң сонун түшүнөт.

Өткөн жекшембиде 30-августта, Минскде оппозиционерлер  «Тынчтыктын жана көзкарандысыздыктын маршына» чыгышты.Так ушул  күнү президенттин туулаган күнү болчу. Демонстранттар Александр Лукашенкого өлгөндө коюлчу гүлчамбарлар менен диктатурасына табыт “белек” кылышты.

Эсиңерге сала кетсек, мындан бир жума мурда Александр Лукашенко никесиз туулган кичүү уулу Николай экөө, колдоруна автомат көтөрүп, өз элин атууга камданып, ызырынып чуркап жүргөнүн видеолоруна бүтүндөй дүйнө күбө болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button