Дүйнө

Коронавирустун көбөйүшүн токтото турган витамин айтылды

В12 витамини COVID-19дун нускаланып (копирование) көбөйүшүн токтото алат. Муну Индиянын окумуштуулары бул процессти компьютерде моделдештирүү аркылуу таап чыгышты, деп билдирди Runews24.

Алардын изилдөөсү IUBMB Life илимий журналына басылып чыкты. Жарыяланган материалда B12 витамини вирустун геномундагы анын көбөйүшүн (копирование) камсыздоочу ферментти басып салат, деп айтылган.  

Натыйжада, бул, вирустук жүктүн азайышына, ошондой эле кеселдин оор өтүшүн жеңилдетүүгө алып келет. Индиялык окумуштуулар, B12 витаминин врачтар COVID-19дан дарылоо протоколуна кошушса болот деп эсептешет.

Ошондой эле, бул дармекти азыркы коркунучтуу ооруну алдын алуучу профилактика катары улгайган кишилерге, медиктерге жана тобокел тобуна кирген башка адамдарга да берүүнү сунушташууда.

Россиялык эксперттер индиялык коллегаларынын тыянагын четке кагышпайт, деп жазат «Известия». Алар да В12 витаминин сезгенүүгө каршы касиети бар экенин бышыкташат. Бирок, анын COVID-19га каршы эффективдүүлүгүн бышыктай турган кошумча иликтөөлөрдү да өткөрүү керек деп эсептешет.

Эсиңерге сала кетсек В12 витаминин табигый булактары мынабулар: деңиз капустасы, соя жана соя азык-түлүктөрү, ачыткы, хмель, боор, бөйрөк, уй эти, үй канаттуусу, балык, жумуртка, сыр, устрицалар, сельд, макрель.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button