ВИДЕО. Виктор Цойдун уулу атасы тууралуу фильмге нааразы болуп, Путинге кайрылды

Эсиңерге сала кетсек, 3-сентябрда Россияда атактуу советтик рок-музыкант Виктор Цой тууралуу “Цой” деген көркөм фильмдин премьерасы өтөт. Цойдун жакындары бул фильмге нааразы. Ал түгүл фильмге тыюу салууну суранышып, Путинге кайрылышкан.
Кечээ, 1-сентябрда, Виктор Цойдун баласы Алексей Учителдин фильми тууралуу пикирин билдирди. Александр Цойдун айтымында, киношниктер айтылган сын пикирлерди тоошум да этип коюшкан эмес. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы маалымдады.
Рок-музыканттын уулу, фильмде бир гана атасынын 1990-жылы Латвияда авариядан курман болгон фактысы чындыкка туура келет, а калганынын баары «ойдон чыгарылган» деп айтты. «Фильмди жаратуучулар атактуу фамилияга жамынып, күмөндүү фантазиялары менен пайда тапкылары келип жатат», — деп эсептейт музыканттын уулу. Кенже-Цойдун айтымында, фильмдин жаратуучулары Виктор Цойдун чыгармачылыгына ээ болуу укугун алгылары келген. Бирок, ал сценарийди окуп чыккандан кийин «катуу ирээнжип, катышуудан баш тарткан». «Элестетип көрсөңүздөр: мен силердин балдарыңарга келем да, “Мен силердин табытыңар тууралуу фильм тарткым келип жатат.Табыттын тегерегинде силердин жакындарыңар тууралуу ар кандай сөздөр болот”, -деп айтам. Силер кандай абалда калат элеңер?» — дейт Александр.
Ушул эле суроону бир нече жолу фильмдин режиссеруна берип, эч кандай жооп ала алган жокмун, дейт музыканттын уулу.
Фильмдин прокаттык күбөлүк алганы дайын болгондон кийин, музыканттын уулу юристтерге, андан соң президент Путинге жана маданият министрлигине кат менен кайрылган. Катта, фильмде үй-бүлөөгө гана эмес, башка да белгилүү инсандарга көлөкө түшүргөн маалыматтар бар деп айтылат. Ошондой эле, туугандарынын макулдугусуз эле Виктор Цойдун эмгектери пайдаланылгандыгын жазат. Цойдун атасы да сценарийди окуп алып катуу капа болгону баса көрсөтүлгөн. Жада калса фильмдин черновой вариантын туугандарына көрсөтпөгөнү айтылат.
Фильмдин режиссеру Алексей Учитель, тартылган тасма эч кандай фильм-биография эмес, притча, толук бойдон ойдон чыгарылган окуя дейт. Ошол эле учурда, режиссер кинофильмге Виктор Цойдун өз оператору отуз жыл мурда тарткан документалдуу кадрлар да киргенин мойнуна алган.
«Цойдун арбагын сыйлабагандык деп айтып атышканы – калжырактык. Булардын бирөө да фильмди көргөн эмес. Андыктан алардын күнөөлөп жатканы – жарабаган сөз», — деп түшүндүрдү режиссер.
Виктор Цойдун туугандары соттук териштирүүлөр болушу мүмкүн экенин айтышат, бирок абалды өтө кыска мезгилдин аралыгында жөнгө салууга мүмкүн экенине да ишенишет.



