Маданият

Айпери Кубик кызы: Мага ар балээ сөздөрдү жазып күнөө кылбаңыздар!

Кыргыз эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы жакындан бери хиджаб кийип, дин жолуна түшкөнү маалым. Анын Инстаграмм баракчасында миллиондон ашык катталуучусу бар. Ырчы айымдын жоолук салынып түшкөн сүрөтүнө сын айткандарга жооп берди:

“Оронгондор антсе болбойт, минтсе болбойт”,- деген окурмандарым!
Бул билдирүүнү окуп коюңуздар сураныч. Менин постторумду да көрүп, астын окуп чыгыңыздар.

Инстаграм мен учун каржылоочу булак! Мен каражат таппасам бул жакка катталбайт болчумун. Анан да сиздер айткандай калп эле мода кылган да жокмун.
Жоолук салынганым өзүм үчүн, мындан ары кааласаңар каалабасаңар да мен жоолукчан болом.

Бул баракча меники болгондон кийин шариятка туура келген нерселерди, туура келген кийим менен чыгара берем. Жакпаса, сөгүп, каргап жазган сөзүңүздөрдү өзүңөргө бекем кармап, мени блокко киргизип коюңуздар.
Ар балээ сөздөрдү жазып күнөө кылбаңыздар! Менин ар бир жазган постум устазым жана да кеңештердин негизинде чыгат. Мага акыл үйрөтүп, урушуп жазуунун кажети жок! Кээ бирлерине мен мактангандай көрүнөт экен. Ал силердин көйгөйүөр! Адам кандай болсо ошондой кабыл алат! Мен өзүмдү реклама кылып, обу жок видеолорду, калп эле оозумду чүйрүйткөн (эркекти кызыктырган) сүрөттөрдү жүктөгөн жокмун! Ар Бир постума маани берип окуп турунуздар! Шариятта эмне кандай экенин тактагыныз келсе, устазыма катталып сурооңуздарды узатып туруңуздар! Баарыңыздарга Аллахым илим, ыйман,акыл, сабырдуулук, эки дүйнө бактылуулугун насип эткен болсун”.

https://www.instagram.com/p/CEpFEyhBCI-/

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button