Лукашенко кичүү уулун Москвага кетирди

Белоруссиянын президентинин кичүү уулу Николай Лукашенко мектептеги окуусун Москвада улантат. Муну Мослента билдирди.
Бул тууралуу Instagram-аккаунтунда актер Станислав Садальский жазып чыкты.
Артист бул тууралуу инсайдерден укканын айтты. Садальскийдин сөзү боюнча Николай Москванын эң мыкты мектебине которулган. «Баары бир мосвалык мектептер минсклик мектептерден алда канча мыкты!» — деп жазды Садальский, Instagram-аккаунтунда.
21-августта, Белоруссиянын президентти Александр Лукашенконун кичүү уулу Николай Белоруссиянын мамлекеттик университетинин (БГУ) лицейинен документтерин алып кеткени TUT.by. порталына дайын болгон. Мурда Николай лицейдин биологиялык профилине тапшырган. Николай онунчу класска өткөндөрдүн жыйналышына келген эмес, кийин ал окуу жайын таштап кеткени билинди. Эмне үчүн минткенинин себеби айтылган эмес.
9-августта Белоруссияда өткөн президенттик шайлоонун тыянагы менен макул болбогон өлкөнүн жарандарынын тынымсыз өткөрүп жаткан массалык нааразылык акциялары, ири ишканалардагы иш таштоолор — Белоруссиядагы саясий абалдын туруксуздугу жана курчтугу Александр Лукашенкону катуу чочутуп, алда кандай болуп кетиши мүмкүн деп, кенже уулун Россияга качырды деген жоромолдор айтылууда.



