Бек Борбиев эмне үчүн Атамбаев тарапка өтпөй койгонун ачык айтты

Бек Борбиев өзүнүн ФБ баракчасынын досторуна кайрылып, ыймандай сырын айтты.
«Жазат десе эле…
Мен эки жылдан бери эле “депутаттыкка барбайм деп келем” баракчамды түрүп окусаңыздар болот. Мен 30 жылдан бери эле депутаттай жашоо өткөрөм жана депутатмын, Кыргыздын кайсы жерине барбайын кучак жайып тосуп алаар куйөрмандарым бар. Ыр күйөрмандардын мындай сыйына Аллах ыраазы болсун деп, ушул күндөргө чейин сыямды кургатпай эмгектенип келем. Бул пикиримде бүгүн дагы турам.
Албетте, кийинки күндөрдөгү болгон окуялар боюнча дагы токтолуп кетпесем болбойт. БШК мага 7500 сомго айып тагыптыр, мен дагы аны интернеттен окудум. Унчукпай барып төлөп койсом деле болот, бирок… “Мекеним Кыргызстан” деген ырды шайлоо башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып?!.
Кудайды карасаңар боло, менин баракчамдан ырды көрдүңөрбү, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын бүтө элек кезинде уурдалып, «Моя родина» деген фейк-аккаунтка жүктөлүп, эң кызыгы жарнама деп акчасы төлөнүп, “раскруткага” коюлат. Албетте, саясий оппоненттер тарабынан уюштурулса керек. Кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жүктөлүү булагын тапса сөзсүз болот. Изилденет жана сот тергөө тараптан акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз. Бул создорду мен азыр трайбалист- саясий серепкерлер же фейк-аккаунттардын алдында актанайын деп эмес, өзүмдүн санаалаштарыма, пикирлештериме маалымат үчүн жазып коюну туура көрдүм. Ооба, маалымат үчүн дагы айтып койчу бир эки сөз бар. Кийинки учурда баракчамдагы комменттер арасында саясат аралашкан сөздөр көп, Бакиевчил, Райымдын ырчысы деген мааниде.

Ооба, Бакиевчил болгом. Мен башкаларга окшоп бир жээктен экинчи Аша (Атамбаев — ред.) жээгине өтө качкан жокмун. Кан кечип, 90 жаш өмүрдү кыйып, кыргызга миң жылдык кырсык болгон адамдын командасына өтө качканга мүмкүнчүлүгүм көп эле. Эки жакын досум анын жанындагы өтө жакын кишилери болчу. Анте албадым, көкүрөк катып туруп алды, 10 жыл аны менен ФБ аркылуу күрөштүм, акыры эмне болгонун баарыңыздар билесиздер. ТВ, радиону тыюу салып өзү гитара менен ырдап туруп алды. Кимдин ким экенин убакыт көрсөттү, мага сахна бербей турганда, күлүп табасы кангандар көп болгон, азыр темир тордун артында, же качып жүрөт. Эч кимге капачылыгым деле жок, бул турмуш деп билем.
Ал эми Райым боюнча. Ооба, партияга ыр чыгардым, ырдадым, башка дагы колдон келген жардамдарымды бере берем. Кыргызды көтөрөм, өнүктүрөм деп бир досуң шайлоого аттанса, четте карап турасыңбы, кантип жардам бербейсин. Ооба чын, 25- 30 жылдан берки жакын жолдошум, досум. Менин эл катары эле көп деле жакын, жакшы досторум жок, ушул жашка келгенде жаңы дос табалбайсың, издебейсиң, бирөө жакшы досун бербейт, бул түшүктүү маселе баарыбызга.
Мына шайлоо башталды, шайлоого кызыктарларга ийгилик каалайм. 30 жылдан бери ыр дүйнөсүндө тынбай жүрүп, көпчүлүккө ошол дүйнө аркылуу жакын болуп калгам. Андыктан ушундай учурларда алардын тандоосу менен меники дал келбей калса, алар мага өтө капа болоору бышык, туура түшүнөм, бул психологияда дагы ушундай экен. Өзүнүн эле үй-бүлө мүчөсү тескери жакка баскандай сезилет тура.
Достор, мен бул жашоодо башка бирөөнүн оюн сыйла деген тарбия алып чоңойгом жана өзүмдүн көз карашым, жеке пикирим бар жана ал нерселерге бекем турам. Андай болбосо, өз ою жок далысынан таптап койсо, же акча суна калса чуркап кеткендерден болсом, анда менин жашоом таптакыр башкача болмок, оо көп жылдар мурда эле Эл артисти болуп, дегеле көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алып, бир бурчта олтурмакмын.
Мени көбү «не управляемый» деп айтышат экен. Ооба, мен дал ошондоймун, жана ошондой мүнөздүү кыргыз экениме сыймыктанам».



