Мал уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топту райондук сот үй камагына чыгарып жиберди (ФОТО)

2020-жылдын 2-сентябь күнү көк түстөгү «Хундай портер» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар малдарды уурдашып бара жатышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөндүктөндүктөн Ош ОИИБнин криминалдык милиция кызматы (КМК) жана Ноокат РИИБнүн КМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренеси боюнча кылмыштын курамы болгондугуна байланыштуу, маалыматты Ноокат РИИБнун КЖБРне каттап, ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү болушуп мал уурулук кылмыштары менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топ кармалган. Тактап айтканда алар : Кара-Суу районунун тургундары 1993-ж.т. А.М., 1998-ж.т. К.Ш. жана А.Б. кармалган. Алардын көрсөтмөсүндө автоунаага жүктөп бара жатышкан 3 баш малды Ноокат районунун жашоочусу Н.Исанов айыл аймагына караштуу жайыттан уурдап бара жатышкандыгы боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде уурдалган малдардын ээлерин тактоо ишери жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир баш малдын ээси Н.Исанов айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну 1971-ж.т. А.К.га таандык экендиги такталган. Кармалган шектүүлөр Ноокат РИИБнун тергөө кызматы тарабынан УКЖна киргизилип, тергөө амалдары башталып бул кылмыштуу топтун башка да кылмыштары боюнча териштирүү иштери аяктай электе 2020-жылдын 4-сентябрь күнү баш коргоо чарасы каралып, Ноокат райондук соту тарабынан кылмышка шектүүлөр үй камагына коё берилген.
Көпчүлүк учурда кылмышка шектүүлөрдүн үй камагына чыгарылып кеткендигинен улам толук кандуу териштирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жарандардын арыз-даттануулары толук канаттандырылбай калган учурлар пайда болуп калууда.



Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы



