Көпчүлүк катышкан иш-чараларга толук тыюу салынганда гана карантинди кайра киргизбей койсо болот дейт БДССУ

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебреисус, коронавируска байланыштуу карантинди экинчи жолку кайталап киргизбей койсо болот деп айтты. Бул тууралуу аталган уюм YouTube каналында билдирди.
Анүчүн өлкөлөр ооруга каршы баардык зарыл чараларды көрүш керек, ошондо гана карантинди кайталоого мажубурлук болбой калат, деп билдирди Тедрос Аданом Гебреисус, Женевада өткөн брифингде. Анын сөзү боюнча, карантин көптөгөн мамлекеттерди «оор абалга туш келтирүүгө» себепкер болгон.
«Эгерде иш-чаралар максаттуу жана туура уюштурулса, мындан аркы карантинди киргизбей койсо болот», — деди БДССУнун башчысы.
Анүчүн өлкөлөр, көпчүлүк катышкан иш-чараларга толук тыюу салуу, саламаттык сактоону жакшыртууга каражаттарды жумшоо жана калктын тобокелчиликке кирген тобун коронавирустан сактоо сыяктуу иш-чараларды катуу сакташы зарыл.
Мындан тышкаары, Тедрос Аданом Гебреисус, БДССУ чек аралардын ачылып, экономикалык жана өз ара байланыштар, карым-катнаштар калбына келе баштаганын толук колдойт, деп кошумчалады.
Бирок, катастрофаны болтурбаш үчүн аталган иш-чараларды жана жеке коопсуздукту (өздүк гигиена – ред.) сактоого өзгөчө кам көрүш керек, деп белгилейт БДССУ.



