Окуялар
Бишкектин Эркиндик сейил багында 24 жаштагы жаран асынып калды

Бишкек шаарындагы Эркиндик сейил багында 24 жаштагы жаран асынып калды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
Алардын маалыматына караганда, милицияга эртең мененки саат 5те кабар түшкөн.
24 жаштагы эркек киши даракка асынып калган. Анын аты-жөнү аныкталды.
«Аны карап чыкканда, денесинде кандайдыр бир күч колдонуу белгилери табылган жок. Соттук-медициналык экспретиза жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.



