Ырчы Айгүл Чалова: Мейли, кылаарың ушул болсо эмне демек элем… бактылуу бол (фотобаян)

Биздин адамзат коому ушундай курулган экен, белгилүү инсандардын былк эткенине, баскан-тургандарына, жашоолорундагы өзгөрүүлөрүнө чейин карапайым эл илгиртпей баамдап турушат. Ошон үчүн саясатчылар, спортсмендер, искусство менен маданияттын өкүлдөрү дайыма адамдардын көңүлүнүн чордонунда. Алардын жашоо-турмушуна кызыгуу күч. Ушул жагдайдан алганда, ырчы Айгүл Чалованын күйөөсү Жээналиев Жакшылыктын башка аялзаты менен турмуш куруп кеткени, сахна жылдызы үчүн моралдык оор сокку болуп, акыркы мезгилдерде башынан кечирип жаткан драмалуу учурун өзүнүн жеке баракчасына биринен сала бирин жазып, жарыялады. Анын посттору көпчүлүктү кайдыгер калтырмак түгүл, тескерисинче анын чыгармачылыгын сыйлагандардын арасында моралдык колдоо көрсөтүү активдүүлүгүн арттырды.
Ырчы Айгүл Чалованын ушул драмалуу окуянын башталышына карата жазган биринчи посту адамдын зээнин кейитет. “Биздин атабыз үйлөндү… бизди таштап кантип бирөө менен бактылуу болууну каалады экен”,-деп жазган, анда ырчы.

Кийинки постунда күйөөсүнө катуу нааразы экенин билдирген: “Кызыңды таштап кантип бирөөнөн бала күтөсүң? Сен кандай атасың?.. Кантип бирөө менен бактылуу болууну кааладың? Сага болгон ишеничимди тепселеп кеттиң. Сенин кылган мамилеңден адамдарга болгон ишеничимди жоготтум эчкимге ишене албайм”, -деген, анда Айгүл Чалова.

Эми жүрөгү биротоло муздаган го, минтип пост жазды: “Эл курган жашоону куруп, кызыбызды жетелеп дагы көп балалуу болуп, бактылуу үй-бүлөөлөрдүн катарын толуктап жашасак болмок. Мейли, кылаарың ушул болсо эмне демек элем… бактылуу бол”.

Албетте бөтөн үй-бүлөөнүн ичиндеги араздашууну түшүнүү, ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экенин териштирүү, же аныктоо өтө кыйын маселе. Ага эч ким сот боло албайт. Бир гана кааларыбыз, Айгүл Чаловага да жаркын күндөр кечикпей келип, көкүрөгүн эзген депрессиядан тез кутулсун.



