Дүйнө

ВИДЕО: АКШда 20 жыл мурда өлгөн Пржевальскийдин аты клондолду

АКШда 20 жыл мурда өлгөн Пржевальскийдин аты клондолду.  

Акыркы жыйырма жылдын ичинде анын гени муздаткыч камерада сакталган. Бул тууралуу жоголуп бараткан жан-жаныбарларды сактоо жана калыбына келтирүүгө негизделген Revive & Restore компаниясынын сайты билдирди.  

Патолог жана генетик Курт Бениршкенин атынан Курт деп ат коюлган кулун август айынын башында  Калифорниянын Сан-Диего зоопаркында жарык дүйнөгө келген. Revive & Restore компаниясы ViaGen фирмасы менен бирдикте 1980-жылы тоңдурулган генди калыбна келтирүүнү ишке ашыра алышкан.

«Бул 1975-жылы Улуу Британияда туулган айгырдын клеткасы болчу. Ал айгырды 1978-жылы АКШга алып келишкен. Айгыр 1998-жылга чейин жашаган», — деп айткан компаниянын пресс-кызматы.

Америкалык биолог Бен Новак өзүнүнTwitter баракчасында Пржевальскийдин аты акыркы 17 жылдын ичинде биринчи жолу клондолушу жана бул окуя илимий жаңылык болуп саналат, деп жазды

Азыркы учурда дүйнөдө Пржевальскийдин 12 бээсинен туулуп, 1990-жылдары толук жок болуп кетүү коркунучунан сакталып калган 2 миңге жакын жылкы бар. Кулун Курт окумуштуулар үчүн кызыл китепке кирген жан-жаныбарлардын популяциясын болочокто кайрадан калыбына келтирүүгө үмүттөндүрө турган окуя болуп калды.

Пржевальскийдин аты — табияттагы кездешчү жападан жалгыз жапайы жылкы болуп саналат. Биринчи жолу бул атты орус изилдөөчүсү жана географ Николай Пржевальский  1878-жылы көргөн, а зоолог Иван Поляков 1881-жылы бул түрдү сүрөттөп жазган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button