ВИДЕО: Жириновский менен Шойгу коронавируска каршы Россиянын вакцинасы менен эмделишти

Эсиңерге сала кетсек, 11-августта дүйнө жүзүндө биринчи жолу Россиянын коронавируска каршы вакцинасы расмий түрдө каттоодон өтүп, «Спутник V» деген атка ээ болгон. Азыр «Спутник V» вакцинасы сыноонун үчүнчү этабынан өтүп жатат. Үчүнчү этапта орус вакцинасы Москва областынын 40 миң кишисине жана Белоруссияда сынала баштады.
Бүгүнкү күнгө карата өз ыктыярлары менен Россиянын бир нече саясатчылары коронавируска каршы эмдөө алышты. Биринчилерден болуп белгилүү саясатчы, ЛДПР партиясынын лидери, Мамдуманын депутаты Владимир Вольфович Жириновский эмделди.
Эмдөөдөн кийин Жириновский дароо эле «биздин вакцина — дүйнөдөгү эң мыктысы», деп айтканын Рulse.mail.ru маалымдады.
Ошондой эле Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу да эмделип, өзүн жакшы сезип жатканын айткан.

«Өзүмдү демейдегидей эле сезип жатам. Менин температурам да көтөрүлгөн жок, башка да эч нерселер болгон жок. Баарыңарга эмдөөдөн өтүүнү сунуштайм»,— деди Шойгу, «Россия 1» телеканалына берген интервьюсунда.
Жириновский менен Шойгудан тышкаары Россиянын өнөржай жана соода министри Денис Мантуров эмделди.

Саясатчы эмдөөдөн кийин бир азга температурасы көтөрүлгөнүн, бирок эртеси эле денесинин табы калыбына келип, өзүн кадимкидей эле сезип калганын айткан.
Россиянын вице-премьер министри Марат Хуснуллин да «Спутник V» менен эмделген.

Эмделген соң эле саясатчы Твиттерге «Саламатсыңарбы, мени ковидден эмдешти, бирок сактануу чараларын баарыбыз сакташыбыз керек!», деп жазды.
Ал эми Хабаров крайынын саламаттык сактоо министри Евгений Никонов жеке өзү эле эмес, бүт үй-бүлөөсүн, ата-энесин кошо эмдеткен.

Саясатчы эмдөөдөн кийин баарынын абалы жакшы экенин, бир гана уулунун температурасы эки күнчө 37,1 — 37,2ге чейин көтөрүлгөнүн жазды.
Чеченстандын саламаттык сактоо министри Эльхан Сулейман республикадагы эмделген биринчи ыктыярчы болуп калды.




