Саясат

Кыргызстан менен Тажикстан жакын арада чек ара маселесин чечет

Москвада КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандагы кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.

Белгилей кетсек, Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери күн тартибиндеги негизги, актуалдуу маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле алар чек ара кызматташтыгын бекемдөөнү белгилеп, чагымчылдык аракеттерди көзөмөлдөө темасына токтолушкан.

«Тараптар коронавирустан улам кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун сүйлөшүүсүнүн убактысы улам жылып жатканы өкүнүчтүү экенин белгилеп, жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү зарылдыгын айтышты», — деп кабарланган маалыматта.

Министрлер аймактык кызматташуудагы актуалдуу маселелерди да талкуулашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button