Коом

Кызыл-Кыя шаарында денесинен оор жаракат алып жашы 35-40 чамасындагы кишинин денеси табылган


Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде 2020-жылдын 3-сентябрь күнү жашы 35-40 чамасындагы, азиат улутундагы атуул денесинен оор жараат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлөт.
Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу 36жаштагы Өзбек Республикасынын Таш-Дөбө анклавынын тургуну экендиги аныкталып, ал 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында мас абалында, баш жагында оор жарааттары менен жаткан жеринен ошол жерде өтүп бара жаткан атуулдар, Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиргендиги аныкталды. Жабырлануучу алган жараатынан улам 4-сентябрга өткөн түнү каза болгон.

Бул өндүрүш иши кылмыштын квалификациясы КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси мен өзгөртүлүп, каза болгон жаранга соттук- медициналык экспертизалар дайындалат.
Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунун Кызыл-кыя шаарында үйүнөн жашынып жаткан жеринен аныктап кармап убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button