Окуялар
Москвада кызганычтан улам аялын көчөдөн бычактап салды

Москванын Кашир шоссесиндеги соода борборунун жанында өзбек жараны кызганычтан улам аялын бычактап салып, аялы ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу Известия басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя 10-сентябрда, таңкы саат 5 жарымдарда болгон. Күбөлөр бир эркектин бир аялды сабап жатканын көрүп полиция чакырышкан. Полиция келген учурда, аял бир нече бычак сайылгандан улам каза болуп калган.
Орусиянын Тергөө комитетинин башчысынын улук жардамчысынын айтымында, кылмышка шектелип Өзбекстандын жараны кармалган. Ал өлгөн аялдын күйөөсү болуп чыккан. Кылмышка шектүү бул кадамга кызганычтан улам барганын айткан. Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.



