ВИДЕО: Ассоль Молдокматованын адвокаты Артур Цветков менен сотто кездешебиз деди

Ассоль Молдокматованын адвокаты Рустам Абдурауфов Россиянын теле алып баруучусу, шоумен Артур Цветковго видеокайрылуу жасады. Адвокат видеоролигин 24.kg маалымат агенттигине берген.
«Урматтуу Артур мен Ассоль Молдокматованын өкүлү катары айтып коеюн, Россияда да Кыргызстанда берилген доо арызы тууралуу фактыларды күблөндүрүүчү документтерди ал (Ассоль Молдокматова -ред.) алган жок. Ошондуктан сизден өтүнүч өзүңүз же адвокаттарыңыз ошол документтерди жибереип ийсеңиздер. Ошондон кийин гана биз сөзүбүзду сотто улантабыз», — деди Рустам Абдурауфов.
Эске сала кетсек, россиялык теле алып баруучу жана шоумен Артур Цветков «мени улутчул деп атап, өзүмө жана үй-бүлөмө коркунуч келтиргени үчүн моралдык компенсация катары Ассоль Молдокматовадан бир миллион АКШ долларын өндүрүү ниети бар», деп сотко кайрылып жатканын билдирген.



