Спорт

Иранда грек-рим күрөшү боюнча чемпион өлүм жазасына тартылды

Иранда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Навил Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Associated Press басылмасы жазды.

Афкари 2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн айыптуу деп табылган. Мындан тышкары, спортчу бийликти кулатуу үчүн атайын топторду уюштурган деп күнөөлөнгөн.

Ага чейин Афкаринин таламын UFC башчысы Дана Уайт жана АКШ президенти Дональд Трамптын да талашканы белгилүү болду. Бирок Иран бийлиги өкүмдү ишке ашырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button