Дүйнө
Коронавирус: Россияда бир суткада 94 адам көз жумду

Россиянын аймагында акыркы сутканын ичинде коронавирустун кесепетинен 94 бейтап көз жумду. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, алардын көпчүлүгү же 20 адам Санкт-Петербургда, 14 адам Москва шаарында дарыланып жаткан.
Муну менен Россияда жалпы 18 миң 578 бейтап каза тапты. Коронавирус жалпы 1 млн 62 миң 811 адамга жуккан. Алардын ичинен 876 миң 225 адам айыкты. Учурда 217,4 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.



