Без рубрикиДүйнө

Заворотнюктун Instagram баракчасында жаңы сүрөттөр пайда болду

Россиялык актриса Анастасия Заворотнюктун Instagram баракчасында жаңы сүрөттөр пайда болду.

Ал күйөөсү Петр Чернышев менен баш кошкон датага арналган.



«Кызымдан биздин үйлөнгөнүбүздүн 12 жылдыгына арналган белек. Жөнөкөй жана эң мыкты чыгармачылык», — деп жазган ал сүрөткө.

12-сентябрда Заворотнюктун Instagram баракчасында күйөөсү Петр Чернышев менен сүрөтү пайда болгон. Түгөйлөр ишембиде баш кошкондугунун 12 жылдыгын белгилеген. Шилтеме «Анастасия Заворотнюкту колдоо» деп аталган аккаунтка алып барат.

Заворотнюктун ооруп калганы боюнча былтыркы жылдын август айында белгилүү болуп, бир катар ЖМКлар аны мээ рагына кабылган деп жазган. Анткен менен артисттин жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң Заворотнюктун ооруп калып дарыланып жатканын билдиришкен. Акыркы маалыматтарда актрисанын саламаттыгы жакшырып баратканы айтылып келет.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button