Коом

COVID-19. Айыккандар көбөйүп, жуктургандар азайды (СТАТИСТИКА)

Кыргызстанда бир суткада 101 адам коронавирустан айыгып чыкты, ошол эле маалда 47 киши илдет жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайгандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 54;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 19.

Айыккандардын жалпы саны 41 023 адамды түздү.

Катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 8;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу — 14.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 44 928 жаран COVID-19 жуктуруп алды.

Бактыга жараша, каза болгондор катталган жок. Жалпы статистика боюнча, пандемиянын кесепетинен 1 063 кыргызстандык кайтыш болду.

Учурда стационарларда коронавирус менен ооруган 507 бейтап жатат, үй шартында 1 903 адам дарыланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button