Атасын уят кылды. Каракчылыкка шектелген Антимонополиянын жетекчисинин уулу СИЗОго киргизилди

Айып аянтчасынын кароолчусун сабап, аны байлап коюшуп, ал жактан 2 унааны алып чыгып кеткенге шектелип кармалган Антимонополия каршы агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Аброр Сабиров “каракчылык” беренеси менен айыпталып жатат. 12-сентябрда соттун чечими менен Аброр Сабиров 2 айга Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген.
Эске салсак, 7-сентябрда таңкы саат 4төр чамасында Кант шаарындагы айып аянтчасына белгисиз адамдар келип, айып аянтчасынын кароолчусун сабап, аны байлап коюшуп, ал жактан 2 унааны алып чыгып кетишкен. Бул “Хонда Иллюзион” жана “Тойота Альфард” унааларын Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы тарабынан контрабандага шектелип кармалып, айып аянтчага киргизилген болчу.
9-сентябрда милиция кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелип 1996-жылы туулган Аброр Сабиров аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми автоунаалар Бишкектеги жаңы конуштардын биринен табылып, айып аянтчасына токтотулган.
Кылмышка шектелген жаран Антимонополия каршы агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировдун уулу экендиги билинген.



