Шайлоо-2020. Тѳрѳбай Зулпукаров: Биз элим, жерим деген мекенчил инсандарга ѳзүбүз кошулдук

«Биримдик» демократиялык социализм партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Талас шаарында болгон жолугушууда «Ырыскыны депутат же министр бербейт. Депутат менен министр элдин кызматын кылып, кылычын чабышы керек. Алардын милдети ошол», -деп айтты.
Ошондой эле «Биримдик» партиясынын курамы тууралуу «Биримдикти бийликчил партия дешет. «Биримдик» бийликчил болсо партиянын курамындагы инсандардын көпчүлүгү колунда бийлиги жоктор болмок эмес. Азыр кимдер турат катарыбызда. Карагылачы! Силердин уулуңар Талас Бегалиев турат. Мурунку милиция кызматкери, элге намыскѳйлүгү, патриоттулугу менен таанылган. Кыйын милиция, бирок кызматы жок. Бизде мындай инсандар көп. Биз татыктуу жана таза талапкерлерге, элим, жерим деген инсандарга өзүбүз кошулдук. Биздин башка партиялардан өзгөчөлүгүбүз ушунда», — деди Т. Зулпукаров.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.



