Коом
Коронавирус. Баткенде жуктургандар көбөйүүдө (СТАТИСТИКА)

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 80 бейтап айыкты. Ошол эле учурда кайра 71 адам оору жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек — 22;
- Ош шаары — 3;
- Чүй облусу — 11;
- Ош облусу — 7;
- Талас облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу —11;
- Жалал-Абад облусу — 15;
- Баткен облусу — 9.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:
- Бишкек — 13;
- Ош — 3;
- Чүй облусу — 4;
- Ош облусу — 9;
- Талас облусу — 1;
- Нарын облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 6;
- Жалал-Абад облусу — 10;
- Баткен облусу — 23.
Бактыга жараша, коронавирустан каза болгон учур катталган жок.
Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 999га жетип, анын ичинен 41 103 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 063 адамдын өмүрүн алды.
Учурда 502 бейтап ооруканада, ал эми 1 890 киши үйүндө дарыланууда.



