Саясат

Шайлоо-2020. «Биримдиктин» жаш талапкеринин үгүт иши «Манас-Атада» ѳттү

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына жаш талапкерлеринин бири Эмилбек Джусупов Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууларын улантууда.

Кечээ  талапкер Ош шаарындагы «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын Ашимахунов кѳчѳсүнүн тургундары менен жолугушуу ѳткѳрдү. Жолугушууда депутаттыкка бара жатканынын себебин айтып, партиянын программасы, максаттары менен тааныштырып, ѳлкѳнү ѳнүктүрүү, элдин жашоо шарттарын жакшыртуу жаатындагы кѳз караштары, ойлору менен бѳлүштү. ЖК депутаты болуп шайланып калса, кандай иштерди алып барары тууралуу да маалымат берди.

Жолугушууга келгендер жаш талапкерди жылуу кабыл алып, жеңишке жетүүсүнѳ ийгилик каалашты. Депутат болуп шайланып калса, эл үчүн иштеген, элдин кѳйгѳйлѳрүн Жогорку Кеңеште кѳтѳрүп, элдин кызыкчылыгындагы мыйзам долбоорлорун сунуштаган активдүү депутаттардан болоруна ишенише тургандыктарын билдиришти. Улуу муундун ѳкүлдѳрү Эмилбек Джусуповго «шайлоодо жеңишке жет!» деген каалоо тилектери менен узатышты.

«Биримдик» партиясынын талапкеринин Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушуулары мындан ары да улана бермекчи.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button