Дүйнө

Эмне үчүн еврейлердин улуту эне тарабынан аталат

Качандыр бир кезде ушул феномен тууралуу уктуңуздар беле? Өтө таң калычтуусу, көп элдерге салыштырмалуу еврейлердин улуту ата тарабынан эмес, эне тарабынан гана айтылат. Бул туурасында Isralove сайты жазып чыккан.

Баланын улутун энеси аркылуу аныктаган дүйнөдө еврейлерден башка бир дагы калк жок. Мунун бир нече себеби бар. Анын ар бири ушул салттын калыптанышына кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизишкен болушу ыктымал. Эң башкысы – Торада (Библиянын биринчи бөлүгү) ушундай көрсөтмө берилген.

Торанын диний мыйзамына ылайыктуу, көптөгөн кылымдар бою еврей эркектерине башка улуттун аялзатына үйлөнүүгө тыюу салынган. Анткени, бала көбүнчө эне менен байланышкан деп эсептелген. Бала жатында экенде эле, эне өз улутунун гендик эс тутумун балага өткөрөт. А андан соң эне баланы тарбиялап, улутунун гендик эс тутмун ал толук чоңойгонго чейин ага берип жүрүп олтурат, тарбиялайт. Еврейлер үчүн маданият өзүн өзү идентификациялоодо (тегин таанууда) аныктоочу роль ойнойт. Ошондуктан, еврейлерде эненин культу өзгөчө өнүккөн. Бирок, бул мындай кубулуштун жападан жалгыз себеби эмес. Тора тарабынан мыйзам катары киргизилген бул салт,  биринчи кезекте Эрец Исраэль (Израил жери) римдиктердин бийлигинин алдында калганына карата пайда болгон реакция болушу толук мүмкүн.

Ошол илгерки доорлордо көптөгөн еврей аялзаты римдиктер тарабынан зордукталууга туш келишкен. Алардан төрөшкөн. Демек, улуту эне тарабынан берилет деген мындай эреженин кабыл алынышы – бул аялзаттарынын еврей улутуна тийиштүү экенин бышыктоого, а эң башкысы алардын балдарын еврей катары сактап калууга жана тарбиялап-өстүрүүгө багытталган. Маселенин дагы бир жагы, тынымсыз согуштарда еврей-эректер курман болгон учурларда, мындай эреженин киргизилиши, еврейлерди улут катары сактап калууга өбөлгө түзгөн.

Еврей окумуштууларынын түшүндүрмөлөрү

1.Биологиялык жагы

Тарыхта атасынын ким экенин аныкташ өтө кыйынга турган миңдеген мисалдар бар. Же болбосо, бир эле учурда бир нече эркек баланын атасы мен деп чыккан учурлар да болот. Ал эми баланын энеси ким экени эч кандай күмөн туудурбайт. Ошондуктан энеге артыкчылык берилген.  

2. Тукум куучулук жагы

Мындан бир аз мурда эле окумуштуу-генетиктер эненин интеллекти дайыма балага өтөөрүн, а атаныкы дайыма эле өтө бербей турганын аныкташкан.  Баары баланын жынысына байланышкан. Кокус кыз бала төрөлсө, анда анын интеллекттинин сапаты атасы менен энесиникинин ортосунда болот — 50% атадан,  50% энеден. Кокус эркек бала төрөлсө, анда атасынын гендери анын интеллектинин сапатынын калыптануусуна таптакыр тиешеси болбойт, 100% энеден өтөт.

3. Социалдык жагы
Атага караганда бала менен убакытты эне көп өткөрөт. Андыктан, жалпысынан маданият деп мүнөздөлүп жүргөн салт-санааны  балага эне берет. А еврейлер үчүн бул (салт-санаа) улутту сактоодогу эң башкы аныктама болуп саналат.

 
4. Юридикалык жагы
Палестина Римдин карамагында болгон учурда, анын баардык эли, улутуна карабастан, римдик укукка  баш ийишкен. А римдик укукта: аял менен никеге турбай жашап жүргөн эркектерден туулган балдар римдин жарандыгын ала алышкан эмес, энесинин теги (улуту) кайдан болсо, ошол жакка тиешелүү болушкан. Демек,  еврей мыйзамы Эрец Исраэль өкүм сүргөн римдин укуктук реалийлерин күзгүдөн чагылдыргандай ишке ашырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button