Жарым саатка өлүп калган аял, тирилгенде тиги дүйнөдө кимди көргөнүн айтты

Американын Аризона штатынын жашоочусу Тина Хайнстын капысынан жүрөгү токтоп калып, аны төрт жолу тирилтишкен. Бул туурасында аялдын жээн кызы инстаграма баракчасына жазып чыкты, деп маалымдады News-fancy.com маалымат порталы.
Медиктер келгиче күйөөсү Тинанын жүрөгүн бир нече жолу кайра иштете алган. Ооруканага бараткан жолдо врачтар дефибриллятордун жардамы менен бейтапты сактап калууга аркеттенишкен.

Тина өзү инстаграмына жазгандай, ал жалпы жонунан 27 минут клиникалык өлүмдү башынан өткөргөн.
Эсине келээр замат эле, америкалык аял колуна бир барак кагаз алып, калем менен: «Ал бар!» деп жазган. Туугандары Тинадан, анын эмнени айтып жатканын сурашканда, ал ыйлап туруп, асманды көрсөттү, дейт жээн кызы.
Тинанын сөзү боюнча, клниникалык өлүмүнүн учурунда ал жалтылдаган ачык-сары дарбазанын жанында турган фигураны көргөн.



