Коом
Ысык-Атада машиналардын кагышуусунан жаш бала каза таап, 4 киши жабыркады

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жол кырсыгында бир жаша бала каза болуп, дагы төрт киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымындагы Кең-Булуң айылында катталган. Анда Mazda 626 жана Seat үлгүлөрүндөгү унаалардын кагылышып кеткени айтылат.
ӨКМдин куткаруучулары кырсыктын кесепетинен жаракат алган үч эркек киши менен бир аялды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми көз жумган баланын сөөгүн куткаруучулар келгенге чейин медиктер алып кеткени белгилүү болду.



