Жуктурганы – 81, айыкканы 107 киши. Коронавирус боюнча статистика

Соңку бир сутка ичинде COVID-19дан 107 адам айыгып чыкты, ошол эле маалда 81 кишинин вирусту жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Айыгып чыккандар:
Бишкек – 52;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 12;
Баткен облусу – 16.
Өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын саны 41 317ге жетти.
Ооруну жуктуруп алгандар:
Бишкек — 7;
Ош — 4;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 22;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 15.
Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын жалпы саны 45 153 адамды түздү.
Өткөн суткада өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондор катталган жок.
Азыркы тапта ооруканаларда коронавируска кабылган 527 бейтап жатат, ал эми 1 788 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.



