Коом

Эртең Бишкекте өзгөчө ишембилик өткөрүлөт

Ар бир шаар тургуну өздөрүнүн үйлөрүнүн, кеңселеринин короолорун, айланасын ирээтке келтирип, тазалоолорун сунуштайбыз. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10 жыл мурун Эстонияда 50 миңден ашык адам чогулуп, 5 сааттын ичинде өлкөнү пластик жана башка калдыктардан тазалашкан. Ошол күндөн тартып, 19-сентябрда дүйнөдөгү бардык адамдар өз өлкөлөрүн «таштандыдан» арылтуу үчүн ишембилик өткөрүшөт. Балким, бул Эстониянын бүткүл жер шаарын тазалоого кошкон эң маанилүү салымы. Тазалоо өнөктүгүнө Бишкек шаарынын жашоочулары дагы активдүү катышат, жыл сайын шаардыктар шаардык мэрия, коомдук уюмдар менен биргеликте масштабдуу ишембиликке чыгышып, шаарды ирээтке келтиришет.

“Бул жылы пандемия өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизип, бүгүнкү күнгө чейин калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу биз шаардыктарды массалык ишембиликтерге чогулбай турууларын суранабыз. Вирус шаарда, вирус бардык жерде, вирус өлкөдө жана ал абдан кооптуу. Биз ар бир шаар тургунун өздөрүнүн үйлөрүнүн, кеңселеринин короолорун, айланасын ирээтке келтирип, тазалоолорун сунуштайбыз», – деп айтылат мэриянын маалыматында.

Сураныч! Таштандыларды чыгаруу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына убагында төмөнкү номерлер аркылуу арыз бериңиздер:

Биринчи май району: 0706190886;

Свердлов району: 0707337374;

Октябрь району: 0507171777;

Ленин району: 0707250056.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button