Коңурук тартуу эмнеге байланыштуу. Адистердин айтканы

АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштууларынын жакында эле жарыяланган иликтөөлөрүндө, коңурук тартуунун себеби тилдин калыңдыгына байланыштуу болушу ыктымал деп айтылат. Адатта апноэ уктап жатканда болот — бир көз ирмемге дем албай каласыз да, анан кайра дем ала баштайсыз. Бул бакалоорлордун (миндалины) чоңдугуна, толуктукка, же анатомиялык өзгөчөлүккө байланыштуу дем алуу органдарына тоскоолдук жаралуудан улам болот, деп жазды FB.ru.
Тил жана коңурук
«Дүйнөнүн көпчүлүк врачтары тилдин көлөмүн коңурук тартуунун потенциалдуу себеби катары эч качан карашчу эмес. Эми, биз муну далилдегенден соң, тоскоолдук жараткан анын майлуу катмарларларын азайтуу боюнча дарылоо жолдорун сунуштайбыз», — деп түшүндүрдү, иликтөөнүн авторлошу жана Пенсильваниядагы уйку Борборунун директору Ричард Шваб.
Массанын мааниси бар
Семирип кетүү да тилдин калыңдыгына таасир этиши ыктымал, бирок бул боюнча тыянактарды чыгаруудан мурда аны практика жүзүндө далилдөө керек. «Болочоктогу кээ бир изилдөөлөр, тилдеги майлуу катмарларды азайтыш үчүн кандай диета туура келет, ошондой эле курсакты майдан арылтуу аркылуу тилдикин да кошо азайтууга боло турган дарылоо методдорун пайдаланса болобу деген суроолорду да иликтеп көрүүлөрү ыктымал», — деп кошумчалашты эксперттер.

Сиздин диетаңызды өзгөртүү үчүн мындай диагнозду (коңурук тартууңузга тилдин себепкер экенин) врач гана коюшу керек.



