Коронавирус. Жуктургандар жана айыккандар. Статистика

Соңку бир сутканын ичинде коронавирус илдетинен 94 адам айыгып чыкты. Бирок ушул эле убакыттын аралыгында 81 кыргызстандык вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
COVID-19дан сакайып чыккандар:
- Бишкек – 15;
- Ош шаары – 2;
- Чүй облусу – 18;
- Ош облусу – 8;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 12;
- Жалал-Абад облусу – 12;
- Баткен облусу – 25.
Ушуну менен өлкөдө 41 578 бейтап коронавирусту жеңип чыкты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:
- Бишкек – 10;
- Ош – 2;
- Чүй облусу – 5;
- Ош облусу – 8;
- Талас облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 14;
- Жалал-Абад облусу – 20;
- Баткен облусу – 19.
Пандемия башталгандар бери коронавирус илештирип алган кыргызстандыктардын саны 45 416га жетти.
Аны менен катары кечээтен бери өлкө боюнча 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды. Ал эми 4 медик айыгып ооруканадан чыгарылды, үй карантининдеги 18 медкызматкер сакайды.
Кыргызстанда ак халатчандардын арасында 3 199 учур катталып, алардын ичинен 2 801и ооруну жеңе алган.
Өткөн сутка оорулан көз жумгандар болгон жок. Өлкөдө буга чейин COVID-19 илдетинен ажал тапкандардын саны 1 063дү түзөт.
Учурда 566 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, 1762 киши үй шартында дарыланууда.



