Коом

ВИДЕО: Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. 

Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.  

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди. 

Эскерте кетсек, кечээ Ош облусунун Араван районунда белгилүү бир партиянын үгүт учурунда жаңжал чыкканы социалдык тармактарга жарыяланган.

Бул видеодо ошол учурдагы жаңжалды көрө аласыздар:

https://www.facebook.com/100035752342792/videos/345328826668859/

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button