Коом

Өмүрбек Бабанов кызын турмушка узатты (ФОТО)

Өткөн ишемби тактап айтканда, 19-сентябрда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Бишкектеги Шератон мейманканасынын ресторанында кыз узатуу иш-чарасын өткөрдү. “Республика” партиясынын мурунку лидери улуу кызы Айперини турмуш жолуна узатты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Үй-бүлөнүн жакындары күйөө баланын аты Санжар экенин жана алар Улуу Британияда окуп жүргөндө таанышып калышканын айтышкан.

Үлпөт той жазында болмок. Бирок, карантинге байланыштуу жылдырылган.

Маалым болгондой, той тар чөйрөдө, жакын адамдардын коштоосунда гана өткөн. Тойго айрым саясатчы жана коомдук ишмерлер дагы чакырылган. Конокторго сүрөткө жана видеого тартуу тыюу салынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button