Коом

Кыргызстанда авиакаттамдар жанданды. Чет өлкөгө учуу талаптары

«Манас» аэропортунан Стамбул, Анталья, Дубай, Шарджа, Ташкент, Алмата жана Москва шаарларына каттамдар жанданты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, «Ош» аэропортунан Россиянын бир катар шаарына чартердик каттамдар жүргүзүлөт.

Чет өлкөгө учуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

— Россия, Казахстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына келгенге чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЦР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек. Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР — тесттин жыйынтыгы керектелбейт.

— ААК «МАМ» аэропортторунун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.

— Бардык жарандар милдеттүү түрдө беткап режимин жана социалдык аралыкты сакташы абзел.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button