Окуялар

Жакындарыбыздын арбактары биздин жаныбызда жүрөөрүнүн кантип билсек болот?Жети белгиси

Маркум болгон жакындарыбыз арабызда жок болсо да, алар биз менен алакалаша албайт дегендикке жатпайт. Маркумдардын биз менен кантип байланыш түзгүзү келээринин, же жаныбызда жүргөнүн жети белгисин FB.RU жазып чыкты.

Түштө көрүү

Каза болгон жакын адамыңды түшүңдө көрүү канчалык кейиштүү болбосун, бул белги, анын абалы жакшы экенинен кабар берет. Мындай типтеги түштөр  — «арбактардын аяны» башынан эле жалпыга маалим. Бул түштө сиздин жакын адамыңыз көзүңүзгө нурга бөлөнүп көрүнөт. Сизди колдоп, сизге жакшылык тилейт.

Жаныңда турганын сезүү

Арбактарда дене жок. Бирок аларды жакын жерде, жаныңда эле турганы дайыма даана сезилет. Арбактар келгенде атмосфера өзгөрө түшкөнсүйт, кимдир бирөө карап жаткандай туюлат, же жаныңызда олтургандай сезим калтырат. Адатта, жакын адамыңыз жаныңызда тургандай, же кирип келгендей болгон мындай сезимден, сиз аларды тирүү кезинде көрүп жаткандай болуп, көңүлүңүз кадимкидей  көтөрүлөт.

Колунун тийгенин, же сылаганын туюу

Арбактын колу, же денесинин башка бир жеринин тийгенин тую, көп учуроочу көрүнүш. Айрыкча өтө жакын адамың көз жумгандан кийин. Кээде, жалгыз калган учурда, кимдир бирөө далыңыздан сылап, же колуңузду кармап жаткандай туюлат. Ал түгүл кучактагандай да сезилет. Бул маркумдардын сүйүктүү кыймыл-аракеттери болуп саналат: анысы дагы эле силер мененмин, араңарда элемин дегендикти билдирет.

Жакын адамыңдын жыты

Эгер сиз көпчүлүк учурда жок нерсенин жытын сезсеңиз — ал маркумдардын тирүүлөр менен алакасынын дагы бир формасы болуп саналат. Жакын адамыңдын жаныныңда жүргөнүн тамекинин, гүлдүн же тамактын жытынан билсе болот. Бул маркумдун жыты менен ассоциация  жаратат. Ушундай жол менен ал дагы эле жаныңардамын дегиси келет.

Жакын адамыңдын үнү

Эгер сиз жакын адамыңыздын үнүн уксаңыз, демек ал сизди көрүү үчүн келген. Үн сиздин башыңыдын ичинде, болбосо бөлмөдөн угулушу мүмкүн. Мындай үндү көбүнчө сиз жалгыз болгондо угасыз. Демек, ал сиздин жаныңызда экенин белгиси.

Көптөгөн адамдар маркумдун үнүн өз башынын ичинде угушат. Мындай учурда сиз жакын адамыңыз менен сүйлөшсөңүз болот. Сүйлөшүп туруп күтүп турсаңыз, сөзүңүзгө жооп алышыңыз мүмкүн.

Белги берүү

Маркум болгон сиздин жакын адамыңыз сизге көп жолу белги бериши ыктымал. Белгилер ар түрдүү болушу мүмкүн. Эң башкысы бул белгилер бекеринен эмес экенин, ал сизге багытталганын түшүнүңүз. Тегерегиңизге, көзгө адаттагыдан башкача көрүнгөн нерселерге, өзгөчө учурларга баам салыңыз.

Көзгө көрүнүүнүн себеби

Ишенесиңерби, ишенбейсиңерби, фильмдерде жана китептерде арбактарды көрсөткөндө туура эмес көрсөтүшөт. Анткени, арбактар китептердегидей, же фильмдердегидей көрүнүш үчүн, маркумдарга өтө көп энергияны чогултууга туура келет. Ал маркумдар үчүн оңойго турбайт. Андыктан маркумдар көзгө көрүнгөндө ар түрдүү формада болушу мүмкүн экенин унутпашыңар керек. Кээ бирлери маркумдун бүтүндө денесин көрсө, кээ бирине бети эле көрүнөт. Айрым бирөөлөргө сүрөт же голограмма катары да көрүнүшү ыктымал. Бул бир чети арбактын көңүлү жай экенин билдирсе, экинчи жагынан башыңызга иш түшүп турганда колдоп атканынын белгиси болуп саналат. Эч качан арбактын белгисине, кеңешине кайдыгер карабагыла – алар силерге жакшылык гана каалайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button