Коом
Коронавирус. Кыргызстандын түштүк аймагында көп катталууда

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 114 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 71 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):
- Бишкек — 23;
- Ош шаары — 14;
- Чүй облусу — 7;
- Ош облусу — 21;
- Нарын облусу — 2;
- Талас облусу — 3;
- Ысык-Көл облусу — 12;
- Жалал-Абад облусу — 18;
- Баткен облусу — 14.
Ал эми илдетти илештергендер төмөнкү жактарда болду:
- Бишкек — 4;
- Ош — 2;
- Чүй облусу — 8;
- Ош облусу — 17;
- Талас облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 5;
- Жалал-Абад облусу — 13;
- Баткен облусу — 20.
Ошондой эле стационарларда 545 бейтап медициналык жардам алып жатат. Ал эми 1791 киши үйүнөн дарыланууда.
Кыргызстанда жалпысынан жугуштуу илдет 45 542 адамда табылып, анын 41 796сы айыкты.



