Колледждердин жана кесиптик лицейлердин директорлору Москвадагы “СКОЛКОВО” башкаруу мектебинде башкаруу көндүмдөрүн жогорулатууда

22-23-сентябрда Москвадагы “СКОЛКОВО” башкаруу мектеби Кыргыз Республикасынын кесиптик лицейлеринин жана колледждеринин администрацияларынын башкаруучулук көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүүдө.
Ошондой эле, тренингдерге Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин кызматкерлери катышууда.
Тренинг Эл аралык эмгек уюмунун “Жыйырма тобунун кадрларды кесиптик даярдоо стратегиясын колдонуу: ЭЭУ менен Россия Федерациясынын Өнөктөштүгү” (2-фаза) долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Аталган тренингдин максаты – “КТБ системасынын уюмдарын башкаруу” компьютердик симулятордун жардамы менен жетектөөчү курамдын башкаруучулук көндүмдөрүн жогорулатуу саналат, ал өзү менен ишмердүүлүктүн жүздөгөн параметрлерин жана 200дөн кем эмес чечимдерди камтуучу имитациялык системаны билдирет жана аны менен КТБ системасынын уюмдарынын ишин толугу менен чагылдырат.
Симуляторду колдонуу менен тренингдин катышуучулары билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин позициясын ээлешет жана командаларда иштөө менен тышкы жана ички чөйрөнү, уюмдун ишин, билим берүү программаларын, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү саясатын талдашат жана талданган маалыматтын негизинде башкаруучулук чечимдерди кабыл алышат.
Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар уюмдун түзүмү жөнүндө толук маалымат алышат, мыкты дүйнөлүк практикалар жана бизнес-кейстер менен таанышышат, экономиканын жана эмгек рыногунун тез өзгөрүп туруучу шарттарында чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасына ээ болушат.
КР БИМдин басма сөз кызматы



