Коронавирус кайрадан көбөйүүдө. Жуктургандардын саны 100дөн ашты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 101 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 127 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):
- Бишкек шаары – 15;
- Ош шаары – 13;
- Чүй облусу – 9;
- Ош облусу – 17;
- Талас облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 14;
- Жалал-Абад облусу – 10;
- Баткен облусу – 20.
Ал эми илдетти илештиргендер төмөнкү аймактарда болду:
- Бишкек шаары — 19;
- Ош шаары – 8;
- Чүй облусу – 4;
- Ош облусу – 38;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 4;
- Жалал-Абад облусу – 20;
- Баткен облусу – 29.
Ошондой эле стационарларда 591 бейтап медициналык жардам алып жатат. Ал эми 1651 киши үйүнөн дарыланууда.
Кыргызстанда жалпысынан жугуштуу илдет 45 757 адамдан табылып, анын 42 005и айыкты.
Бактыга жараша, өткөн суткада дагы каза болгондор катталган жок. Ал эми жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруп алып көз жумгандардын саны 1 063 болду.
Өлкө боюнча алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, беш медик сакайды. Үй карантининен 17 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 3 214 учур катталды, алардын ичинен 2 896 медкызматкер айыгып чыкты.



