Коом

Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду

Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет коопсуздук боюнча глобалдык борбордон ушул түйүнгө кошулуу боюнча чакыруу алган.

Борбор 2018-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында түзүлгөн. Бул мэрлердин, губернаторлордун жана жергиликтүү практиктердин биринчи глобалдык түйүнү болуп саналат. Анын максаты — социалдык биримдик, туруктуулукту түзүү жана зомбулукка, экстремизмге каршы күрөшүү.

Учурда түйүнгө 140 шаар менен муниципалитет кирет. Маалыматка караганда, катышуучу шаарларга жергиликтүү жамааттардын укугун коргогон стратегиялык программаларды түзүүгө колдоо көрсөтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button