Саясат

Шайлоо-2020. Бактыгүл Каламбекова: «Республика» партиясы уюткулуу, жаңычыл, реформаторлор партиясы!

“Партиянын он жыл аралыгында жасаган иштерине эл күбө. “Республика” ар дайым жаңы идеялары жана  реалдуу кадамдары менен өзгөчөлөнүп келет, аларды ишке ашырууда да  алдыңкы сапта! Он жылдын ичинде өзү менен тең болгон төрт саясий партияны чыгарды. «Республика» – уюткулуу, таза, жаңычыл, реформаторлордун партиясы». Бул тууралуу Баткен облусунун Самаркандек айылынын тургундары  менен болгон жолугушууда “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер, дипломат Бактыгүл Каламбекова билдирди.

«Мен Баткендин маселелерин ичинен гана эмес, тышынан да билем. Чек ара маселесин   чечүү жолдорун да иликтеп көрдүм. Тилекке каршы, бул суроого маселе жаралганда  гана катуу көңүл бөлүнүп, калган учурларда унчукпай коюп жатабыз. Чек араны тактоо  маселесин чечүүнүн үстүндө такай иштөө зарыл, бирок, ошол эле убакта аймактагы  экономикалык–социалдык  көйгөйлөрдү карайлы, жумушсуздукту жоюп, миграцияны токтотуш керек, суу-жайыт маселелерин чечиш керек,  калктын жашоо деңгээлин жогорулатыш керек.  Парламенттин эң негизги күчү – бул элдин колдоосу. Элдин  колдоосу  менен аймактагы  көйгөйлөрдү чечебиз  деп ишенем», — деди Бактыгүл  Каламбекова.

“Республика” партиясы программасындагы  реформалардын көбү жогоруда айтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Алсак, партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту  жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет!

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button