Саясат

Аравандагы окуя үчүн эки талапкер шайлоо жарышынан чыгарылды

Шайлоо жарышынан Шукурулло Файзуллаев жана «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партияларынан талапкерлер Ильхом Маннанов чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына жарыялады.

Ал Араван районундагы окуя боюнча «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын талапкерлерин каттоону жокко чыгаруу маселеси бир добуштан кабыл алынгандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Араван районунда пикир келишпестиктердин натыйжасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлору менен чогулган жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button