Сорос Фондунун Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүгө укугу жок!

Бүгүнкү күндө Белоруссияда массалык түрдө каршылык акциялары өтүп жатат, аймакта медицина, өндүрүш, билим берүү, экономика жана башка маанилүү тармактардагы көрсөткүчтөр тездик менен төмөндөөдө. Башаламындыктын негизги себеби — өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр керектиги жөнүндө маалыматтарды аң-сезимге сиңирүү менен калкты зомбилештирүү, биздин өлкөдөн башка жерлерде баары жакшы деген сыяктуу, чет элдик атайын кызматтар жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдары тарабынан жергиликтүү коомдун аң-сезимине киргизилип жаткан элестүү, жасалма, үлгүлүү делген батыштын демократиясын мисалга келтирүү, алар алдын ала жергиликтүү маданиятты, коомду изилдөө жана өздөрүнүн ыкмаларын жергиликтүү соцкатмарга сиңирип, көндүрүү менен системанын аялуу чекиттерине байланыштуу маалыматтарды чогултуп жана аларга карата өлкөдөгү саясатчылардын мамилеси «ыңгайсыз» болуп калган учурда чет элдик атайын кызматтардын жана КЭУлардын болгон мүмкүнчүлүктөрү аркылуу баш аламандык кылуу үчүн аракеттенүү.
Ошентип, мындай кырдаалды дестабилдештирүү боюнча башкы координациялоочу уюм — бул Сорос Фонду, АКШ Өкмөтү тарабынан жана капиталы 100 миллиард доллардан ашкан Джордж Сорос тарабынан түздөн-түз каржыланат, алар акырындык менен дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө өздөрүнүн кылмыштуу кызыкчылыктарында пайдалануу үчүн өздөрү тандаган жана жактаган айрым лидерлер аркылуу баш аламандыктарды уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга алып келүүчү нааразычылык акцияларына жергиликтүү калкты моралдык жактан даярдоо үчүн иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
Сорос Фондунун милдетин кыскача баяндап берсек — долбоорлорду жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүү аркылуу көмүскө түрдө коомдун аң-сезимине таасир этүү жолу менен мамлекеттин эгемендигине акырындык менен кийлигишүү (Батыш баалуулуктарын пропагандалоо, ЛГБТ жамааттарына толеранттуулук, бир жыныстуу никеге туруу, гуманитардык, билим берүү, медиа чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү иш-чаралар жана башкалар). Белоруссиядагы Сорос Фонду алардын директору өлкөнүн ички саясатына, башкача айтканда, Беларуссиянын эгемендигине кийлигишүүсү жана салык төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн 1997-жылы расмий түрдө жабылган, бирок Фонд өз иш-аракеттерин өлкөнүн чегинен тышкары жүргүзүүнү улантып келген жана бул Беларуссиядагы бүгүнкү баш аламандыкка алып келди.
Ошондой эле , Украиналык Майдан (Евромайдан) Сорос Фондунун өлкөнүн суверендүүлүгүнө кийлигишүүсүнүн эң сонун мисалы, каалаган баш аламандыкка, бийликти басып алууга жана өлкөнүн алдыңкы эшелонундагы адамдардын көзөмөлгө алынган тобун түзүүгө алып келген. Украинадагы Сорос Фондусу 1990-жылы негизделген жана өлкөнүн ички саясатына бир нече жолу кийлигишкен, аларга карата айыптоолор менен билдирүүлөр да болгон, бирок биздеги, Кыргызстандагыдай эле, таасирдүү көзөмөлгө алынган бийликтеги таасирдүү адамдардын айынан айыптоолор суу кечпей калган.
Сорос Фонду 1989-жылы Чехословакиядагы Бархат Революциясы, 2003-жылы Грузиядагы Роза Революциясы, 2008-жылы Молдовада Түстүү Революция, Түркиянын Президентине каршы нааразычылыктардын өсүшүнө дагы байланышы бар ж.б.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Сорос Фондунун кылмыштуу уюму (КСФ) гуманитардык жардам жана социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу түрүндөгү кайрымдуулук иш-аракеттердин аркасына өзүнүн чыныгы сепаратисттик максаттарын жашыруу менен былык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бирок, алардын коомдук аң-сезимге тийгизген таасири Батыштын идеалдуу демократиясын үгүттөөсү аркылуу эле ачык байкалып турат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы СФ мамлекеттик мекемелердин жана өлкөнүн жетекчилигин, атап айтканда, алардын расмий сайтында пандемия учурунда кандай болгонун ачык эле сынга алып жатат, бул өлкөнүн эгемендигине кийлигишүүгө кирет. Мисалы, OSI жана КСФ 2010-жылдагы окуялар боюнча даттанууларды даярдоо менен түздөн-түз өлкө жетекчилигине шек келтирген, жалаа жапкан материалдарды даярдаган, атап айтканда А.Аскаровдун иши боюнча билдирүү менен чыгып, аны саясий туткун катары ачыкка чыгарып, бул үчүн өлкө жетекчилигин күнөөлөгөн.
КСФ биздеги өзүнүн ишмердүүлүгүн 1997-жылдагы Өкмөт менен болгон Макулдашуунун негизинде ишке ашырып келет, бирок КР ЖК тарабынан бир канча жылдан кийин гана кабыл алынган, анткени, көптөрү бул Макулдашууга каршы болушуп, КСФ КР эгемендигине таасир этүүчү чет элдик атайын кызмат болуп саналарын билишкен, бирок, Макулдашуу акыры ратификацияланган.
КСФ биздеги ишмердүүлүгүн эми деле дискредитациялоого жана биздин Мекенибизден кетирүүгө кеч эмес, анан калса алардын иш-аракетинде кылмыштын составы бар, алардын бири 1997-жылдагы Макулдашууга барып такалат, анткени, ал жерде КСФ белгилүү бир чөйрөлөрдө өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда мамлекеттик пошлина жана чогултуулардан бошотулары көрсөтүлгөн, бирок КСФ ушунчалык көпкөндүктөн Макулдашууда каралбаган чөйрөлөрдө жана тармактарда көп миңдеген жана миллиондогон гранттарды бөлө баштаган, ошону менен бирге эле алар тиешелүү салыктарды төлөбөй атаган Макулдашууга шылтаганга көнүшкөн жана өздөрүнүн долбоорлору менен чыгашаларын өздөрүнүн расмий сайтына билгениңди кыл кыязында ачык жарыялай башташкан, анткени алар өздөрүн «коргогон» таасирдүү адамдар бул мыйзамсыздыктан куткарат деп ишенип алышкан, бул аралыкта төлөбөгөн салыктар миллиондогон АКШ долларын чапчып, ири суммада КР бюджетине залал келтирген. Ошондуктан КР тиешелүү органдары (КР МСК, ИИМ, Юст.минисрлиги, Башкы прокуратура, УКМК, ЭКККК ж.б.) алардын кылмыштуу иштерин текшерип, өлкөдөн чыгарып ийишсе да болот.
Ошону менен катар эле КСФ директору Ш.Ибрагимов дагы АКШнын агенти болуп саналат, муну тастыктаган фактылар толтура, жетишерлик, мисалы, анын Гарварддагы окуусунун 100% төлөмүн кабыл алган тарап, АКШ тарап көтөргөн (мындай өмүрү болгон эмес), анын жеке каалоосу боюнча АКШга 5 жылдык мөөнөткө мульти виза беришет, мурда КРдагы АКШнын өкүлчүлүгүнүн кара тизмесинде болсо дагы, негизсиз көмүскө түрдө берилген жогорку маяна (он, жүз миңдеген АКШ доллары, ал эчак эле мульти миллионер болгон, бирок аны жашырып келе жатат), өз каалоосу боюнча миллиондогон долларлык гранттарды жеке тескөөсү жана башка көптөгөн далилдер.
Мындан ары унчукпай коюуга мүмкүн эмес, Белоруссиядагыдай Евромайдандын экинчи жолу бизде, Кыргызстанда кайталанышын каалабайбыз, мындай атайын агенттерди желкеге коюп кууп чыгыш керек жана КСФ менен болгон макулдашууну жокко чыгаруу зарыл.
Булак: Вечерний Бишкек



