Окуялар

Кызы менен чогуу бычакталган кишинин абалы туруктуу, кызы көз жумду

Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө кирген уурулардан бычак жеген 62 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 26-сентябрда  саат 02:50лөр чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.

Кыз көз жуумп, ал эми киши Бишкектеги ооруканалардын биринде. Жазык кодексинин негизинде 130-берене («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши ачылган.

Кылмышкерлерди табуу үчүн тартип коргоо органдарынын Аламүдүн райондук жана Чүй облустук, республикалык деңгээлдеги тажрыйбалуу делген ыкчам кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, иштеп жатат.

«Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин негизинде 130-берене («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button