Коом

Коронавирус. Кыргызстанда жуктургандар көбөйүүдө

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 142 бейтап айыкса, 167 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 26;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 26;
  • Нарын облусу – 3;
  • Талас облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 17;
  • Баткен облусу – 20.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 9:
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 38;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу – 55.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 522ге жетти. Анын ичинен 42 761и ооруну жеңди. Ал эми каза болгондордун саны башынан бери 1 064тү түздү.

Азыркы учурда стационарда 761 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 484 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда 16 медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button