ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы баңги кылмышына шектелген жаранды кармашты (ФОТО)

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 286-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо) боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Жакында, түнчүндө “Кыргыз Темир Жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1996-жылы туулган Г.Д. кармалган.
Кармоо учурунда шектүү далилдерден кутулууга аракет кылып, колундагы баштыгын ыргытып жиберген. Окуя болгон жерди кароо учурунда Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы жаранга таандык баштыкты табышкан. Баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 365 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү каражат болгон.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган каражат кара куурай тобундагы баңгизат болуп эсептелет.

ИИМдин Басма сөз кызматы



