Коом

Кочкордогу кырсыкта эки адам унаага кыпчылып, ооруканага жетпей каза болушту

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, Кочкор районунда 30-сентябрь күнү саат 16:00до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен “Мерседес” унаасынын ичинде (1 эркек 1960-жылы туулган жана 1 аял 1964-жылы туулган) кыпчылып калган.

Куткаруучулар ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары аталган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button